Жаныбарлар дары-дармегин текшерүүнү ветеринарларга өткөрүп берүү каралууда

Жазылуу
Мыйзам долбоорунда жаныбарларды дарылоо үчүн дары-дармекти мамлекеттик каттоодон өткөрүп, сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун текшерүүнү ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берүү каралган.

БИШКЕК, 27-июнь — Sputnik. Жаныбарлар дары-дармегин текшерүү укугун ветеринарларга өткөрүп берүү каралып жатканын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Кыргызстандын санитардык жана ветеринардык кызматтары ЕАЭБде мактоого арзыды
Буга чейин парламенттин социалдык саясат боюнча комитети биринчи окууда "Ветеринария жөнүндө" мыйзамын тууралоо үчүн ветеринардык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору тарабынан иштелип чыккан мыйзам колдоого алынган.

Мында жаныбарларды дарылоо үчүн дары-дармекти мамлекеттик каттоодон өткөрүп, сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун текшерүүнү ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0