Араванда диний уюмдан дагы үч киши баш тартты

© AFP / HAIDAR HAMDANIБоевиктер. Архив
Боевиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартуу элдин алдында өтөт. Баш тарткан адамдар муну өз ыктыяры менен жасайт.

БИШКЕК,  30-июнь — Sputnik. Араван районунда "Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү аталган уюмдан баш тарткандыгын элдин алдында айтышты. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Хизб ут-Тахрир адабият маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: "Хизб ут-Тахрир" уюмунун лидери кармалды
Акыркы учурда Ош облусунун Араван району боюнча 11 жаран "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун мүчөлүгүнөн өз ыктыярлары менен баш тарткан.

Аталган ведомство жергиликтүү калк менен диний кырдаал маселеси жөнүндө жалпы түшүндүрүү иш-чарасында "Хизб-ут-Тахрир", салттуу эмес "Ваххабизм" жана "Салафизм" диний агымдарынын кесепеттерин талкуулашты. Муфтияттын райондогу кызматкерлери  кыргызстандыктардын, өзгөчө жаштардын Сирияга, эл аралык террористик уюмдун катарында согушка катышуу үчүн кетип жатканына тынсызданарын айтышты.

"Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартуу элдин, коомчулуктун алдында өтөт. Мындай кадамга баш тарткан кишилер өз ыктыяры менен барышат",— деди УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов.

Акыркы учурларда аталган облустун Араван районунан экстремисттик диний уюмдан баш тарткандар көп чыгууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0