ЖКнын V чакырылышынын сессиясы аяктап, расмий түрдө жабылды

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кенеш
Жогорку Кенеш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламент 1-сентябрга чейин эс алууга кетти

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Парламенттин кезектеги сессиясы аяктап, депутаттар эс алууга кетти. Иш-чаранын аягында Кыргызстандын гимни ойнолду. 

Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн ЖКнын V чакырылышынын депутаттары жайкы эс алууга кетишет
Парламент акыркы жумада бир нече күн кезексиз жыйын менен бир нече мыйзам долбоорлорун жактырып, документтерди ратификациялады. 

Эл өкүлдөрү кийинки ишин сентябрда улантат. ЖКнын V чакырылышынын курамы өзүнүн мөөнөтүн күздө аяктайт, себеби октябрдын аягы, ноябрдын башында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтмөкчү. 

V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2010-жылдын 10-ноябрында алгачкы жыйын өткөрүп, конституциялык ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен. Ал беш фракциянын 120 депутатынан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0