ИИМ Сирияга соңку учурда чыгып кеткен 4 кишинин аты-жөнүн аныктады

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСириянын Маалула шаары. Архив
Сириянын Маалула шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин экстремизмге жана терроризмге каршы иш алып баруу бөлүмүнүн кызматкерлери Сирияга кеткендерге көмөк көрсөткөндөр боюнча иликтөө жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. ИИМдин 10-бөлүмү Ош облусунда жакынкы арада эле төрт адам Сириядагы чыр-чатактарга катышуу үчүн чыгып кеткенин аныктады. Бул туурасында ИИМдин экстремиге жана терроризмге каршы иш алып баруу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Райим Салимов билдирди.

Июнь айынын соңунда жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө жана алдын алуу иштеринин жыйынтыгында Ош аймагынан чыгып кеткендердин аты-жөнү аныкталган.

"Соңку айларда Ош облусунан Кара-Суу районунун Төлөйкан айылынан 33 жаштагы, Араван районун 28 жаштагы жана Ош шаарынын 31 жаштагы эки тургуну Кыргызстандан чыгып кетип, учурда Сирияда согушка катышып жатканы анык болду", — деди Салимов.

Ал буларды жөнөткөнгө көмөк көрсөткөн тараптар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0