Алдыдагы эки күндө өлкө боюнча күн адаттан тыш ысыйт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаркая погода в городе Бишкек. Архивное фото
Жаркая погода в городе Бишкек. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республиканын айрым аймактарында күн 41 градуска чейин ысыйт

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. 12-июлдан 16-июлга чейин аба ырайы ысып, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36…+41 градус болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Баткенде 100 гектар күрүч Сох дарыясынын алдында калды
Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында абанын температурасы +29…+34 градуска чейин көтөрүлөт.

Ушундай ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүн алдында көпкө жүрбөө сунуш кылынат.

Фермерлерге айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0