Кыргызстанда авариялык абалдагы 200 мектеп бар

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар жана Билим берүү министрликтери Кадамжай районунда эки авариялык абалдагы мектеп кайра курууга жана төрт мектеп реконструкцияга муктаж экенин аныктап чыгышты.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Билим берүү жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин демилгеси менен 2 миң 222 орто мектеп жана 806 бала бакча имараттары текшерүүдөн өткөнүн аталган мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Бардык объектилер коопсуздуктун төмөнкү, орто жана жогорку деңгээлдерге бөлүндү. Аталган көрсөткүч аркылуу капиталдык курулуш талап кылынган объектилер талап кылынып, Каржы министрлиги жана премьер-министрдин тизмесине киргизилет.

Мындан тышкары, капиталдык ремонттон өткөрүлө турган авариялык абалдагы мектептер кошумча тизмеге кирди.

"Кошумча тизмеге республика боюнча авариялык абалдагы 200 мектеп кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Кадамжай районунда эки авариялык абалдагы мектеп кайра курууга жана төрт мектеп реконструкцияга муктаж экенин аныкталды. 

Министрлик жакын арада ремонт жасала турган жана жаңы курула турган мектептердин тизмеси даяр боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0