17-июль Орозо айтка туш келгендиктен майрам күн деп жарыяланды

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев "Орозо айт" жөнүндө токтомго кол койду.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. 17-июль Орозо айтка туш келгендиктен майрам күн деп жарыялоо боюнча тийиштүү токтомго премьер-министр Темир Сариев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандагы мусулмандар 18-июндан тарта орозо кармап башташкан. Ал 16-июлда аяктап, 17-июлда Орозо айт майрамдала турганын мурда муфтияттан билдиришкен.

2015-жылдын орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу убакыттарын (ифтар) Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0