Жалал-Абадда милиционерлер 30 түп кара куурай тапканы үчүн сыйланды

© Sputnik / Сергей Титов / Медиабанкка өтүүКара куурай. Архив
Кара куурай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ишке катышкан ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иши үчүн акчалай сыйлык менен сыйланды.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Жалал-Абад облусунда баңгизат өсүмдүктөрүн мыйзамсыз өстүргөн жаран кармалганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Ысык-Көлдө кара куурай жок кылынууда
Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 30-июнь күнү Жалал-Абад облусунун ИИБ кызматкерлери тарабынан Сузак районунун 47 жаштагы тургуну үйүнүн короосунда 30 түп баңгизат өсүмдүгүн, алдын ала маалымат боюнча кара куурай өстүрүп келгени аныкталган. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 250-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Сузак райондук соту кара куурай өстүргөнү үчүн жаранды камакка алуу чечимин чыгарды.

Бул ишке катышкан ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иши үчүн акчалай сыйлык алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0