Айт намаздын программасы белгилүү болду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМусулмандар намаз убагында. Архив
Мусулмандар намаз убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда орозо 16-июлда аяктайт. Өкмөт 17-июль орозо айтка туш келгендиктен майрам күн деп жарыялады.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Быйылкы жылдын Орозо айт майрамы 17-июлда эски Ала-Тоо аянтында саат таңкы 6:10до баштала турганын муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

Айт намазы 17-июлда Бишкектеги Эски аянтта окулат
Ага ылайык, 6:20дан 7:00гө чейин дин тууралуу маселелер, баяндар айтылмакчы. Ал эми 7:00дөн 7:30га чейин Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев шарият маселелеринен, Рамазан айы туурасында баяндама жасайт. 7:30дан 7:45ке чейин келген конокторго сөз берилет. Айт намаз 7:45де башталып 8:00дө аяктамакчы.

Кыргызстанда орозо 16-июлда аяктайт. Өкмөт 17-июль орозо айтка туш келгендиктен майрам күн деп жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0