Алдыдагы эки күндө күн 45 градуска чейин ысышы мүмкүн

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖара. Архивное фото
Жара. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-июлда күн 39,3 градус ысык болсо, 15-июлда абанын температурасы 40,1 градуска чейин көтөрүлгөн. Бул күндөрү максималдык ысыктын рекорддору жаңыланган.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Борбор калаада күн 45 градуска чейин ысышы мүмкүндүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гулжигит Аалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына күнүнө 250дөй жаран кайрылып жатат
Буга чейин Кыргызгидромет агенттиги 12-16-июль күндөрү күн адаттан тыш ысый турганын эскерткен.

Адистердин айтымында, абанын температурасын өлчөө жердин үстүнөн эки метр бийиктикте орун алган метеорологиялык будкалардагы термометрлер менен өлчөнөт. Башкача айтканда термометрлер көлөкөдө турат. Андыктан күн курч тийген аймактарда абанын температурасы 16-17-июль күндөрү болжонгондон бир топ жогору болушу ыктымал. 

14-июлда күн 39,3 градуска чейин ысыган, бул 1928-жылы катталган максималдык ысыктан (37,8 градус) 1,5 градуска көп. 15-июлда абанын температурасы 40,1 градуска жетип, 1980-жылы катталган ысыктан (38,0 градус) 2,1 градуска көп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0