Бишкек шаарынын эски аянтында Айт намазын окууга 100 миңдей киши келди

© Sputnik / Табылды КадырбековОрозонун аякташына арналган Айт намаз.
Орозонун аякташына арналган Айт намаз. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамдык намаз Кыргызстандык бардык аймактарында өткөрүлдү.

БИШКЕК, 17-июль — Sputnik. Борбор калаадагы эски аянтта Айт намазы окулуп, ага 100 миңдей киши келгенин КР муфтийи Максат ажы Токтомушев Sputnik сайтына билдирди.

Орозонун аякташына арналган Айт намаз 17-июлда эртең мененки саат 7:40та жамаат менен окулду. Кыргызстанда Орозо 18-июнда башталып, 16-июлда аяктады. Быйыл Орозо 29 күнгө созулду.

Максат ажы Токтомушевдин айтымында, Айт намазы Кыргызстандын бардык аймактарында окулду.

"Бишкектеги Айт намазын окууга 100 миңдей киши келди. Андан сырткары шаардагы мечиттерде да окулду", — деди ал

Майрамдык намазга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган бир катар депутаттар, элчиликтердин өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берип, Орозо айы — көңүлдөгү таарынычтарды кечип, сабырдуулукка жана кайрымдуулукка чакыруу экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0