Жашы жете электерге энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салынышы мүмкүн

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЭнергетикалык ичимдик. Архив
Энергетикалык ичимдик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курамында сергитүүчү компоненттер бар ичимдиктерди 18 жашка чейинкилерге массалык иш чаралар өткөрүлгөн жерлерде, балдардын билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин жанында сатууга тыюу салуу сунушталып жатат. Ошондой эле, энергетикалык ичимдиктерди ЖМКларда жарнамалоого тыюу салуу да каралууда.

БИШКЕК, 18-июль — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салууну пландап жатат. Коомдук талкууга тийиштүү мыйзам долбоору алынып чыкты.

Министрликтин маалыматына ылайык, буга чейин ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, алар энергетикалык ичимдиктердин кишинин организмине тийгизген терс таасирлерин изилдеп чыгышкан.

Адистердин айтымында, мындай ичимдиктерди көбүнчө жашы жете элек улан-кыздар ичишет. Алар сергитүүчү ичимдиктердин жарнамаларын өздөрүнө абдан жакын кабыл алат.

"Ичимдиктин курамында сергитүүчү таурин, карнитин, женьшень гуаран, гингозиддер, элеутерозиддер, схизандрин бар. Ичимдикти көп ичкенде нерв жана жүрөк-кан тамыр системасы жабыркап, рак клеткаларынын көбөйүшүн шарттайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Терезенин алдындагы балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жашы жете электерге үйдөн 22.00дөн кийин чыгууга тыюу салынат
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, Батыш Европанын бир катар мамлекеттеринде энергетикалык ичимдиктерди сатууга расмий түрдө тыюу салынган. Коңшу Казакстанда дагы мектептер менен жогорку окуу жайларда сатууга тыюу салынган.

Андыктан Кыргызстанда да курамында сергитүүчү компоненттер бар ичимдиктерди 18 жашка чейинкилерге массалык иш чаралар өткөрүлгөн жерлерде, балдардын билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин жанында сатууга тыюу салуу сунушталып жатат. Ошондой эле, энергетикалык ичимдиктерди ЖМКларда жарнамалоого тыюу салуу да каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0