Кыргызстанда малдын башы көбөйүп, сапаты жакшырууда

© Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүФермадагы уйлар. Архив
Фермадагы уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин маалыматы боюнча, өлкө аймагына 220 баш кунаажын, 16 баш асыл тукум бука алып келинип, 10 асыл тукум фермаларына таратылып берилген.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Малды жасалма жол менен уруктандыруу пунктарын республиканын бардык аймактарында ачуу боюнча иш кызуу жүрүп жатканын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирет.

Малдын азыктуулугун жана тукумун жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында бүгүнкү күндө 442 жасалма уруктандыруу пунктары (ЖУП) иштеп, 43 миң 347 баш ири мүйүздүү мал уруктандырылган.

"2017-жылдын аягына чейин ЖУП санын 470ке жеткирүү пландаштырылган", — деп айтылат билдирүүдө. 

Министрликтин маалыматы боюнча, өлкө аймагына ЮСАИД уюму тарабынан 220 баш кунаажын, 16 баш асыл тукум бука алып келинип, 10 асыл тукум фермаларына таратып берилген.

"Ошондой эле 2 швиц, 2 семинтал 2 баш абердин-ангус пародасындагы букалар республикалык асыл тукум малдарды жасалма жол менен уруктандыруу "Элита" станциясына бөлүп берилди. Учурда ири мүйүздүү жана койлорду жасалма жол менен уруктандыруудан алынган малдын башы көбөйүп сапаты жылдан жылга жакшырууда", —деп билдирет мекеме. 

Мындан тышкары, алып келинген кунажындар төлдөп, малдын башы көбөйүп жатканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0