Кыргызстан расалык дискриминация боюнча доклад даярдайт

Жазылуу
Бешимов Кыргызстандын БУУнун адам укуктары боюнча жети комитетине улуттук доклад берүү жараянын актаганын, адам укуктары боюнча БУУ Кеңешинин универсалдык мезгилдүү серебинин экинчи циклинен өткөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку Комиссар Башкармалыгынын Кыргызстандагы убактылуу аймактык өкүлү Элизабет да Коштой менен жолукканын мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Базарбаев: Кыргызстан БУУ институттары менен тыгыз кызматташууда
Жолугушуу учурунда адам укуктарын коргоо багытында эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Бешимов Кыргызстандын БУУнун адам укуктары боюнча жети комитетине улуттук доклад берүү жараянын актаганын, адам укуктары боюнча БУУ Кеңешинин универсалдык мезгилдүү серебинин экинчи циклинен өткөнүн белгиледи. Графикке ылайык, кийинки расалык дискриминация боюнча докладды Кыргызстан 2016-жылдын октябрь айына чейин бериши керек.

Элизабет да Коштой өз кезегинде БУУнун адам укуктар боюнча Жогорку Комиссар Башкармалыгы Кыргызстан менен кызматташууну жогору баалай турганын жана аны улантууга даяр экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0