Атамбаев: Кыргызстан көз карандысыз транзиттик өлкөгө айланат

© Sputnik / Табылды КадырбековАтамбаев: Кыргызстан көз карандысыз транзиттик өлкөгө айланат
Атамбаев: Кыргызстан көз карандысыз транзиттик өлкөгө айланат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу ишкердиктин жана сооданын өнүгүшүнө чоң түрткү берип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, түндүк менен түштүктө инфраструктураны өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан транзиттик өлкөгө айлана турганы жөнүндө Бишкек — Балыкчы трассасынын Кувакы — Балыкчы бөлүгүнүн ачылуу аземинде билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган бөлүк Ысык-Көлдү айланта курула турган 460 чакырым жолдун алгачкы баскычы болот.

Президенттин айтымында, өлкөдө жолдор жигердүү курулуп жатат. 

"Ош — Сары-Таш — Иркештам, Ош — Баткен — Исфана жолдорунун курулушу аяктады. Бишкек — Нарын — Торугарт жолу аяктоо алдында турат. Эми Балыкчы — Түп — Кеген жолу да жыл аягына чейин аяктайт деп ишенем", — деди өлкө башчы.

Атамбаев жолдун ачылып жаткан Кувакы — Балыкчы бөлүгү стратегиялык долбоор болгон Бишкек — Балыкчы — Казарман автожолуна түздөн-түз тиешеси бар экенин белгилеп өттү. 

"Балыкчы – Түп — Кеген" жаңы трассасынын курулушу аяктагандан кийин бул альтернативалуу жол Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарын эле эмес, Кыргызстанды Казакстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттир менен байланыштырат. Бул Кыргызстанга экономикалык көз карандысыздыкты сактап калуу менен Өзбекстандан кайып өтүп Россия — Казакстан — Тажикстан багытындагы транзиттик өлкөгө айлануусуна мүмкүнчүлүк берет", — деди президент.

Жол курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай альтернативалуу "Түндүк-Түштүк" жолун салууга 297 млн. доллар берет
Өлкө башчысы Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу ишкердиктин жана сооданын өнүгүшүнө чоң түрткү берип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, түндүк менен түштүктө инфраструктураны өнүктүрүүгө өбөлгө болорун билдирди.

Жолго эки катмар асфальт төшөлгөн, жаңы түтүктөр орнотулуп, беш көпүрө оңдолду. Жолдун туурасы 17 метрди түзөт. Кытайдын экспорттук-импорттук банкы тарабынан каржыланып жаткан "Бишкек — Балыкчы жолунун 147-171-чакырым бөлүгүн реаблилитациялоо" долбоорунун жалпы суммасы 38 миллион долларды түзөт. Бүгүнкү күндө 37,7 миллион долларлык иш көлөмү аткарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0