Мигранттардан биометрикалык маалыматын чогултуу улантылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Костанай шаарындагы кыргызстандык мигранттардан биометрикалык маалымат чогултуп, ЕАЭБ алкагында жарандардын ишке орношуу жана орун которуштуруу жол-жоболору тууралуу айтып беришти.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Казакстанда иштеп, жашап жаткан кыргызстандык жарандардан биометрикалык маалымат чогултуу уланып жатканын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Италиядагы кыргызстандыктардан биометрикалык маалымат чогултулду
Маалыматка ылайык, 15-20-июль күндөрү Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Костанай шаарындагы кыргызстандык мигранттардан биометрикалык маалымат чогултуп, ЕАЭБ алкагында жарандардын ишке орношуу жана орун которуштуруу механизмдери тууралуу айтып беришти.

Мындай көчмө иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу 2014-жылдын августунда башталган. 16 жаштан жогору болгон бардык жарандар бармак издерин, санарип сүрөтүн жана электрондук кол тамгасын тапшырууга милдеттүү. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 3 миллион 641 киши жеке маалыматтарын тапшыруусу керек деп болжонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0