БИШКЕК, 25-июль — Sputnik. Global Peace Index изилдөөсүндө коопсуз жашоо боюнча Кыргызстан 121-орунду ээлеген.
Global Peace Index 2007-жылдан бери рейтинг түзүп келет. Ал мамлекеттеги зордук-зомбулук жана кылмыштуулук деңгээли жана коңшу мамлекеттер менен болгон мамиле, ошондой эле аскердик чыгым сыяктуу 23 фактордун негизинде түзүлөт.
Рейтингде Кыргызстан 162 орундун ичинен Гвинея-Бисау менен Мавританиянын ортосунда 121-орунду ээлеген. Былтыр мамлекет 130-орунда болсо, 2013-жылы 133-орунда турган.Өтө кооптуу өлкөлөр катары Сирия, Ирак жана Афганистан таанылган.
Жашоо үчүн коопсуз мамлекеттердин эң алдында Испания турат. Андан кийин Дания, үчүнчү орунда Австрия жайгашкан.
АКШ аталган рейтингдин 94-ордун ээлейт.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кечээ кечинде Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарында чыккан өрт азыркыга чейин өчө электигин ӨКМ билдирди.
Кечээ 20:30дар чамасында жайгашкан "Дордойдогу" "Алтын-Тоо" базарындагы текстиль материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккан.
Кырсык болгон жерге ӨКМден төрт өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматтары тарабынан беш куткаруучу, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМден төрт экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган. Өрт саат 00:01де чектөөгө алынган.
"Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзсө, анын ичинен болжол менен 200 чарчы метри күйгөн. Азыр өрт толугу менен өчө элек. Адатта текстиль материалдары кеч өчөт", — деп айтылат маалыматта.
Учурда эки өрт өчүрүүчү бөлүм кызмат кылып жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Алгач Кыргызстан эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин мугалимдерине билим берүүдө компетенттүүлүктү ишке ашыруунун ыкмасы боюнча окутуу өткөрүлгөн.
Анда мугалимдерге окутуу модулдарын түзүү жана өткөрүү боюнча керектүү маалыматтар берилип, модулдук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүшкөн.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жааматтык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө болгон мамлекеттер "Массалык жок кылуучу куралдардын жаңы түрлөрүн жана ошондой куралдардын жаңы системаларын өндүрүү жана иштеп чыгууну тыюу салуу жөнүндө" бирдиктүү билдирүүнү кабыл алышты.
"Аталган уюмга мүчө болгон мамлекеттер мындай маанилүү документтерди макулдашуу учурдун талабы экендигин белгилешет. Анткени эл аралык жана аймактык коопсуздук үчүн учурда жаңы чакырыктар пайда болууда. Алардын арасында массалык жок кылуучу куралдардын жаңы түрлөрүнүн пайда болушу, түрдүү курал-жарактардын космос мейкиндигинде жүрүүсү, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын деструктивдүү багытта колдонулушу, коркунучтуу куралдардын террордук топ же уюмдардын колуна тийип калганы да бар. Андан сырткары, илимий-техникалык прогресстин аркасында трансулуттук корпорация, мамлекеттик эмес субъектилердин ролу да жогорулоодо. Мунун баары жыйынтыктуу чечимдерди кабыл алып, Бириккен Улуттар Уюмунун системасындагы тармактык органдар жана Куралсыздандыруу боюнча конфреренция менен өз убагында иш-аракеттерди биргеликте көрүүгө мажбур кылууда", — деп жазылат билдирүүдө.
ЖККУнун мүчөлөрү абалды мындан ары көзөмөлдөөгө үндөп зарыл болгон сунуштарды иштеп чыгууга чакырат жана буга чейин БУУнун Генералдык Ассамблеясы кабыл алган үч жылдык резолюциясын колдойт.