КРдин Абадан коргонуу күчтөрү: асман мейкининдеги тогуз жыл

© Sputnik / Табылды КадырбековАбадан коргонуу жоокерлери. Архив
Абадан коргонуу жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2006-жылдын 27-июлунда президенттин буйругу менен КРдин Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу бөлүгү негизделген.

БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Бүгүн 23565 аскер бөлүгүндө Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн (АКК) тогуз жылдыгы белгиленип жатат. 

Атамбаев Куралдуу күчтөргө: өлкө эч кимдин алдында тизелебейт, анткени сиздер барсыздар
2006-жылдын 27-июлунда президенттин буйругу менен КР Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу күчтөрү негизделген. Аталган мекеме мамлекеттин аба мейкиндигинде коопсуздукту сактоо, анын аба чек арасын коргоо, ошондой эле абадан администрациялык жана өнөр жай объектилерин коргоо максатын көздөйт.

Ал эми учурда абадан коргонуу жана авиацияны бириктирүү эл аралык терроризмге каршы күрөшүү зарылдыгынан келип чыккан.

2006-жылы Кыргызстанда АКК командалык пункту түзүлүп, быйыл техникалык жактан жабдылып, жаңы имаратка көчүрүлдү.

Бүгүн аскер бөлүктүн аймагында курал-жарак жана аскер техникасы, авиациялык диспетчерлердин иш-аракеттери жана МИ-8 тик учагы менен аткарылган иш ыкмалары көрсөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0