10-12 жылда мектептерде эки жолу тамактандыруу системасын киргизүү пландалып жатат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүү10-12 жылда мектептерде эки жолу тамактандыруу системасын киргизүү пландалып жатат
10-12 жылда мектептерде эки жолу тамактандыруу системасын киргизүү пландалып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө КРдин мектептеринин 32 пайызы гана башталгыч мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кыла алат. Республика боюнча бул 677 мектепке киргизилген, дагы 1 429 мектеп ысык тамак берүүнү уюштурууга муктаж.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева мектептеги тамактандыруу боюнча отчетун жарыялаганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. 

Мектепте ысык тамактандыруу балдардын иш-жөндөмүн, окуудагы жетишүүсүн көтөрүп, денелик жактан жакшы өнүгүшүнө жана ден соолугун чыңдоого өбөлгө болот деп белгиленет билдирүүдө. 

"Жыл сайын башталгыч мектеп окуучуларын тамактандырууга республикалык бюджеттен 475 миллион сомго жакын акча бөлүнөт. Эми бюджеттик каражатты көбөйтүүнүн ордуна аны уюштуруунун жол-жоболору кайра каралып, өзгөртүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул маселелерди чечүүдө БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана "Мерси Ко" менен тыгыз жана натыйжалуу кызматташуу жардам берет. Алардын аркасы менен 332 мектептин ашканалары заманбап жабдуулар менен камтылган. 345 мектеп ысык тамакты өз күчү менен уюштурган. 

"Жалпы республика боюнча ысык тамак 677 мектепте киргизилген, бирок, бул өлкөдө мектептердин 32 пайызын гана түзөт. Ысык тамакты дагы 1 429 мектепте уюштуруу зарыл жана бул 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта башталышы керек", — деп айтылат билдирүүдө. 

Өкмөт "Кыргыз Республикасында мектепте тамактандырууну өнүктүрүүнүн негизги багыттары" токтомун кабыл алып, анда аталган багыттагы өнүгүү шарттары көрсөтүлгөн. 

Мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдар коопсуздугун камсыздоо бардык министрлик менен ведомстволорго жүктөлдү
10-12 жыл ичинде мектепте балдарды жана жалпы эле калкты тамактандыруу үчүн азык-түлүктү өндүрүүнүн өсүшүн камсыз кылуу, иш орундарын түзүү, жалпы дүң өндүрүшүнө айыл чарба өнөр жайынын салымын жогорулатуу, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында натыйжалуулукту көтөрүү, балдардын жеке инсандык өнүгүшүнө көмөк кылуу зарыл. 

Беш-алты жылда мектепте азыктандыруу тармагын калыптандырууну аяктап, ал бардык мектеп окуучуларын тең салмактуу азык менен камсыз кылгыдай болушу керек.

Орто мөөнөттөгү келечекте (3-5 жыл) мектептерде тамактануу жеткиликтүү болуп, аны уюштурууга байланышкан өндүрүштү жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарыл. 

Негизги багыттарды эки баскычта ишке ашыруу пландалып жатат. Биринчиси — мектептерде үзгүлтүксүз жана коопсуз тамактануу үчүн шарттарды түзүү. Экинчи баскычы — эки жолу тамактандырууга, заманбап технологияларга жана башталгыч мектеп окуучуларын ысык тамак менен 100 пайыз камсыз кылууга өтүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0