Шайлоочулардын негизги тизмеси 15-августка чейин БШКга тапшырылат

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүШайлоочулардын тизмесин текшерүү. Архив
Шайлоочулардын тизмесин текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйындын жүрүшүндө штаб мүчөлөрү август, сентябрь жана октябрь айларына карата иш-планын талкуулашты. Ага ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы 15-августка чейин биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп бериши керек.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Парламенттик шайлоону уюштурууга көмөктөшүү боюнча биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы менен түзүлгөн республикалык штабдын биринчи жыйыны өттү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйын жүрүшүндө штаб мүчөлөрү август, сентябрь жана октябрь айларына карата иш-планын талкуулашты. Ага ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы 15-августка чейин биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп бериши керек.

20-августка чейин тизме басылып чыгып, тийиштүү аймактын шайлоо комиссияларына өткөрүлөт.

"19-августка чейин катталган жеринен эмес, добуш бере турган дарек боюнча добуш берүүнү каалаган жарандардын арызы кабыл алынат. Мында шайлоочунун биометрикалык маалыматы жана паспортунун көчүрмөсү болушу шарт. Аймактык шайлоо комиссиясы ал жарандын аты-жөнүн Мамлекеттик каттоо кызматына тез арада билдириши керек", — деди Сарпашев.

Ошондой эле август айынын аралыгында Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районунда кошумча шайлоо участкаларын түзүү пландаштырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0