Жалал-Абадда спорт интернатын куруу пландаштырылууда

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСпортзал. Архив
Спортзал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернатты алгач Ошто куруу каралган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин анализ жасалып, интернатты ИИМ объектинин ордуна куруу чечими кабыл алынды.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Спорттук интернатты Жалал-Абаддын борборуна куруу пландаштырылып жатканын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

28-июль күнү агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров Жалал-Абад облусунун коомчулугу менен жолугуп жатып, курулуш тууралуу айтты.

Курулуш иштери үчүн жер тилкеси бөлүнгөнү менен бюджетте ал үчүн каражат каралган эмес. 

"Бул маселени чечүү үчүн Жалал-Абаддын шаардык кеңеши интернатты ашар ыкмасы менен курууну сунуштады. Бул интернат бизге аба менен суудай зарыл. Аймакта таланттуу спортчулар көп, биз аларга колдоо көрсөтүшүбүз керек", — деди Бакиров.

Маалыматка ылайык, алгач интернатты Ошто куруу каралган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин анализ жасалып, интернатты ИИМ обүектисинин ордуна куруу чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0