Кутусуна чылым чегүүнүн зыяндуулугу сүрөттөр түшүрүлгөн тамекилер Кыргызстанда сатыкка чыга баштады.

Жагымсыз сүрөт түшүрүлгөн тамеки сатыкка чыга баштады

(жаңыланган 09:40 03.08.2015)
Токтом баш-аягы болуп, медициналык эскертүүсү бар 12 сүрөттү бекиткен. Анда чылым чегүү өпкөнүн рагына, тукумсуздукка, инфарктка, инсультка себеп болору айтылат.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Өкмөттүн расмий токтому 2016-жылдан тарта тамеки кутуларынын сыртына анын зыяндуулугу туурасында сүрөттөрдү кошо түшүрүүнү милдеттендирген. Анткен менен, азыртадан эле "коркунучтуу сүрөттөрү" менен тамекилер сатыкка чыга баштады.

Кутусуна чылым чегүүнүн зыяндуулугу кошо жазылып, сүрөттөрү түшүрүлгөн тамекилер Кыргызстанда сатыкка чыга баштады. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин тамеки тартууга каршы иштер боюнча координатору Чынара Бекбасарова Sputnik агенттигине социалдык тармагына жазган маалыматын тастыктады.

  • Чылым кишини мезгилинен эрте карытат.
    Чылым кишини мезгилинен эрте карытат.
    информационный сервис help.kg
  • Тамеки чегүү тукумсуздукка алып келет.
    Тамеки чегүү тукумсуздукка алып келет.
    информационный сервис help.kg
  • Тамеки тартканыңыз   - балдарыңыздын ден соолугуна  балта чапканыңыз.
    Тамеки тартканыңыз - балдарыңыздын ден соолугуна балта чапканыңыз.
    информационный сервис help.kg
  • Чылым чеккен кыз-келиндердин боюнан түшүп жана төрөбөй  калуу кооптуулугу күч.
    Чылым чеккен кыз-келиндердин боюнан түшүп жана төрөбөй калуу кооптуулугу күч.
    информационный сервис help.kg
  • Тамеки ден соолукту акырындап алат жана айыккыс ооруга чалдыктырат.
    Тамеки ден соолукту акырындап алат жана айыккыс ооруга чалдыктырат.
    информационный сервис help.kg
1 / 5
информационный сервис help.kg
Чылым кишини мезгилинен эрте карытат.

2014-жылдын 22-декабрында өкмөт башчысы чылымдын зыяны боюнча медициналык эскертме жасаган сүрөттөрдүн тизмесин бекитүү жана аны тамеки кутуларынын сыртына кошо басуу боюнча токтом чыгарган.

Анда тамекилердин сыртына анын зыяны туурасында сүрөттөр жайгаштырылган продукция 2016-жылдын январынан тарта чыгарыла тургандыгы айтылган.

Бекбасарованын айтымында, мындай сүрөттүү тамекилер плданлган мөөнөттөн алты ай эрте чыгарылды. 

"Бирок, бул тамеки чыгарган компаниялардын укугу. Эгерде чыгарган товары түгөнүп калса, алар жаңысына чылымдын зыяндуулугун эскерткен сүрөттөрдү кошо чыгара баштаса болот. Буга каршы эмеспиз", — деди ал. 

Токтом баш-аягы болуп, медициналык эскертүүсү бар 12 сүрөттү бекиткен. Анда чылым чегүү өпкөнүн рагына, тукумсуздукка, инфарктка, инсультка себеп болору айтылат.

Белгилер:
инфаркт, тукумсуздук, өпкө рагы, тамеки, зыян
Тема боюнча
Ниязалиева: тамеки, алкоголь, аз кыймыл эркектердин өлүмүн көбөйтүүдө
Депутаттар тамеки тартууга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмасын сунуштоодо
Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

(жаңыланган 10:44 23.04.2021)
Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов шал менен ооруган бейтап акыркы жолу 1993-жылы катталганын айтты.

Балдар арасында церебралдык шал, талма жана бала эненин курсагындагы кезинде же төрөлүп жатканда алган жаракатынан улам баш мээнин жабыркашы эң негизги көйгөй. Нерв ооруларынын пайда болушунун себептери баланын тубаса кемтик менен төрөлүшү, аны шарттаган тукум кууган оорулар, ата-эненин ден соолугу, жашоо образы, эненин канынын аздыгы себеп болот. Бул тууралуу Нурмухамед Бабажанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

Анын айтымында, полиомиелитке каршы балдарды массалык түрдө эмдөөдөн улам азыр өлкөдө бул илдет менен ооруган адам жок.

"Полиомиелит же шал оорусу курч өтүүчү жугуштуу оору. Көбүнчө кичинекей балдар менен өспүрүм курактагылар оорушат. Ошентсе да кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өтпөй калган чоңдор да ооруну жуктуруп алган учурлар бар. Оору борбордук нерв системасын, биринчи кезекте жүлүндү жабыркатып, өтүшүп кетсе шалга кептей тургандыгы менен кооптуу. Вирус кан аркылуу жүлүнгө барып булчуңдарды иштете турган мотордук клеткаларды талкалайт. Ошондуктан баланын колу-буту иштебей майып болуп калат. Ошондой эле кээде жутуу жана дем алуу булчуңдары да шал болуп, өлүмгө алып келген учурлар бар. Эгер бала шал болуп калса кайра толук калыбына келе албайт. Кыргызстанда 1960-жылдары полиомиелит менен ооруп калып мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо үчүн Ак-Сууда санаторий ачылган. Акыркы жолу шал менен ооруган бейтап 1993-жылы катталган. Ал эми 2010-жылы коңшу Тажикстанда ооругандар катталып, биз үчүн кооптулук жаралган эле. Мурда төрөт үйүндө эле балдардын оозуна шал оорусуна каршы дары тамчылатып койчу элек. Азыр, кудайга шүгүр, аталган илдет менен жабыркаган балдар жок. Бирок дүйнө жүзүндө оору дагы деле бар. Алсак, Кыргызстанга вирустун очогу бар Индия, Пакистандан адамдар келип-кетип жатышат. Ошондуктан азыр улуттук календарь боюнча балдар жылына төрт ирет полиомиелитке каршы вакцина алышы зарыл", — деди Бабажанов.

Дарыгер 2010-жылдан бери шал илдетинин белгилери болгон балдардын анализи тоңдурулуп Москвадагы Чумаков институтуна жөнөтүлүп, ал жактан диагноз коюлуп жатканын кошумчалады.

Белгилер:
өспүрүм, бала, илдет, вирус, нерв, полиомиелит, Нурмухамед Бабажанов
Тема боюнча
Өлкөдө балдарга полиомиелитке каршы вакцина сайыла баштады
Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Прокуратура: Таластагы жайыт, Нарындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды

Эки факты тең Жазык кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки иштер жүрүүдө.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Талас менен Нарында менчикке берилип кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Таластын Чолпонбай айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мындан бир нече жыл мурун мамлекеттин менчиги болуп эсептелген жайыт жерлеринин 16 гектарын А.Э. аттуу жаранга мыйзамсыз менчикке берип салышкан.

Ошондой эле Нарын шаардык прокуратурасы мыйзамсыз түрдө жеке жактарга турак жай куруу үчүн 800 чарчы метр жер тилкесинин менчикке берилип кеткендигин аныктаган. Жер тилкенин баасы жарым миллионго бааланат.

Эки факты тең Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде каттоого алынып, сотко чейинки иштер жүрүүдө. Жер тилкелери мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды.

Белгилер:
кайтаруу, мамлекет, жер тилкеси, жайыт, Башкы прокуратура, Нарын, Талас
Тема боюнча
Баткен: мамлекеттик 30 батир, жер тилкелери жеке тараптарга берилип кеткен