Эгиндин түшүмдүүлүгү быйыл жогору болду

© Sputnik / Александр Лыскин / Медиабанкка өтүүБуудай. Архив
Буудай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү боюнча Жалал-Абад облусу алдыңкы катарга чыкты. Аталган аймакта гектарынан 32,1 центнерден буудай алынган.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Түштүк  облустарында жана Чүй өрөөнүндө өткөн жылга караганда буудай менен арпа көп жыйналганын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, дан эгиндери 61,9 миң гектардан жыйнап алынды, бул жалпы эгин аянтынын 54,4 пайызын түзүп,  былтыркыга салыштырмалуу 7,3 миң гектарга көптүк кылат.

"Буудайдын орто түшүмдүүлүгү бир гектарга 26,9 центнерден туура келди, бул өткөн жылга салыштырмалуу 7,8 центнерге жогору. Буудайдын жалпы түшүмү  435,9 миң тоннаны түзүп, 2014-жылга караганда 140 миң тоннага көп экени белгилүү болду. Республиканын бардык аймагында былтыркы жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк бир топ жогору", — деп айтылат билдирүүдө.

Кызылча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи сугаттан эле жарым килограмм түп байлаган кызылча өстүрүлүүдө
Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү боюнча Жалал-Абад облусу алдыңкы катарга чыкты. Аталган аймакта гектарынан 32,1 центнерден буудай алынган. Ал эми райондордон түшүмдүүлүк боюнча Ноокен, Базар-Коргон, Бакай-Ата аймактары айырмалана алды.

Дыйкандар учурда жалпы жонунан 301,4 миң тонналык биринчи жана экинчи түшүмүн жыйнады. Бул өткөн жылга караганда 120,8 миң тоннага көп экени белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0