Кыргыз-тажик чек арасында баңгизатка каршы көзөмөл күчөтүлөт

Жазылуу
Терроризм жана эксремизм баңгизаттарды сатуудан түшкөн каражатка каржылана турганын Кыргызстандын күч түзүмдөрү билдиришти.

БИШКЕК, 4-авг — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүүнү баңгизатка каршы күрөшүү органы менен чек арачылар ниеттенип жатканын КРдин чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик чек ара жана Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматтары 3-августта Бишкекте жыйын өткөрүшкөн.

Эки күч түзүмү маңзатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, биргеликте аракеттерди көрүү боюнча сүйлөштү.

"Тажикстандын Афганистан менен чектешкен аймагындагы абалды, ошондой эле чек ара аркылуу баңгизаттардын агымын эске алуу менен биз бүгүн негизги көңүлдү кыргыз-тажик чек арасындагы абалга бурушубуз керек", — деп мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөмбиедин айтканын мекеменин маалымат кызматы билдиришти.

Баңзатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев терроризм жана экстремизм баңгизаттарды сатуудан түшкөн акча менен каржыланып жаткандыктан, эки мекеменин биргелешкен аракети гана анын алдын ала турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0