Кыргызстанда 9 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн

© flickr.com / Nick KinkaidСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң эле кооптуу аймак болуп Баткен менен Ош облустарынын Тажикстанга жана Кытайга чектеш жерлери саналат. Бул жерде зилзала күчү 7-9 баллга чейин жетиши ыктымал.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында республикада күчү 9 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайты жарыялайт.

КРди Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун божомолуна ылайык, сейсмикалык кооптуулук бүтүндөй өлкө аймагында сакталат.

"Эң эле кооптуу аймак болуп Баткен жана Ош облустарынын Тажикстанга жана Кытайга чектеш жерлери саналат. Бул жерде 7-9 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Андан кийин Түндүк Тянь-Шань, негизинен Ысык-Көл жана Түштүк Фергана аймактары жер титирөө ыктымалдуулугу жогору жерлер экени маалымдалат.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0