ӨКМ: августта сел каптоо коркунучу күчөйт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСел каптоодон сактануу иштери, Архив
Сел каптоодон сактануу иштери, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катуу шамал, узакка созулган жаан-чачындан улам сел жүрүп, жер көчүшү мүмкүн. Ошого байланыштуу дарыяларда суунун деңгээлине ар дайым көзөмөл жүргүзүп, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгы курч турары белгиленүүдө.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда август айында аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу табигый процесстердин жанданышы күтүлөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, бул бир катар кыйынчылыктар менен коштолот.

"Аба-ырайы температурасынын туруксуздугу, катуу шамал, тоолуу аймактарда узакка созулган жаан-чачын сел жүрүшүн, суу каптап, жер көчкүнүн болушун шарттайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам дарыяларда суунун деңгээлине ар дайым көзөмөл жүргүзүп, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгы курч турары белгиленүүдө.

Буга байланыштуу министрликтин алдындагы өзгөчө кырдаалдарды башкаруу борбору жарандык коргоо кызматтарын жана бардык күчтөрүн ыкчам даярдыкта туруу тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0