Уюлдук операторлор SIM-карталарды каттоо мөөнөтүн узартууну суранып жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековУюлдук операторлор SIM-карталары. Архив
Уюлдук операторлор SIM-карталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байланыш агенттигинин статистикасына ылайык, каттоо мөөнөтү аяктап бара жатканына карабастан, бүгүнкү күндө бир да уюлдук оператор абоненттерди жекелештирүүнү жүз пайызга аткара элек.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Уюлдук операторлор SIM-карталарды каттоо 8-августта аяктарына карабастан, компаниялар каттоо мөөнөтүн узартууну суранып жатышканын Sputnikке Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Чыңгыз Бекташев билдирди.

SIM-карталарды милдеттүү түрдө каттоо иш-чарасы былтыр башталып, үстүбүздөгү жылдын 8-мартында аякташы керек болчу. Бирок уюлдук компаниялар каттоону 8-августка чейин узартууну суранышкан.

Бекташевдин айтымында, компаниялар каттоо мөөнөтүн дагы узартууну өтүнүшүүдө.

"Азырынча кайсы мөөнөткө узартыла турганы белгисиз, бирок бул маселе өкмөттө каралып жатат. Канчага узартылары кийинчерээк белгилүү болот", — дейт ал.

Деньги с телефоном - Sputnik Кыргызстан
ЖАМК: сим-карталарды жекелештирүү телефондук алдамчыларга бөгөт болот
Мамлекеттик байланыш агенттигинин статистикасына ылайык, каттоо мөөнөтү аяктап бара жатканына карабастан, бүгүнкү күндө бир да уюлдук оператор абоненттерди жекелештирүүнү жүз пайызга аткара элек.

Бүгүнкү күндө уюлдук байланыш колдонгон абоненттердин саны жети миллионго жетти.

Жекелештирүү – бул ар бир SIM-карта юридикалык жак же бир адамга катталышын талап кылган система. 

Жаңылыктар түрмөгү
0