Каттоодон өтпөгөн SIM-карталар бүгүн түнү өчүрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСим-карта жана мобилдик телефон. Архив
Сим-карта жана мобилдик телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда түнкү саат 12.00дө SIM-карталарды расмий каттоо аягына чыгат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, уюлдук операторлордо катталбаган абоненттер өчүрүлөт.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстанда ишембиге караган түнү уюлдук операторлордун абоненттеринин SIM-карталары өчүрүлөт.

Beeline компаниясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, эртең SIM-карталарды каттоо токтотулуп, номерлерди өчүрүү башталат.

"Каттоодон өтпөгөн абоненттер чала албайт, чалууларды да кабыл ала албайт. Билдирүүлөрдү жибере албайт, мындан тышкары, мобилдик интернет жеткиликсиз болот. Ошондуктан номерлерди каттоодон өткөрүү керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушундай эле эскертүүсүн MegaCom компаниясы да өз социалдык түйүнүндө жарыялаган. 

"КР өкмөтүнүн токтомуна ылайык, каттоодон өтпөгөн SIM-карталар 8-августтан баштап бардык байланыш кызматынан өчүрүлөт", — дейт компания.

Мындай талап менен "О" уюлдук компаниясы да макул экенин билдирип, бул тууралуу өзүнүн баракчасына жарыялаган.

SIM-карталарды жекелештирүү өткөн жылы башталып, үстүбүздөгү жылдын 8-мартында аяктамак. Бирок уюлдук компаниялардын өтүнүчү менен каттоо мөөнөтү 8-августка чейин узартылган.

Уюлдук операторлор SIM-карталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уюлдук операторлор SIM-карталарды каттоо мөөнөтүн узартууну суранып жатышат
Beeline компаниясынын учурда 3,3 миллион абоненти бар, анын 90,56 пайызы каттоодон өткөн.

MegaСom компаниясынын 2,3 миллион абонентинин 79,08 пайызы катталган. 

Ал эми "О" уюлдук компаниясынын кызматы менен 1,7 миллион жашоочу пайдаланса, анын 90,47 пайызы каттоодон өткөн.

Кыргызстандыктардын SIM-карталарын каттап жетишпей жаткандыктан, уюлдук компаниялар Мамлекеттик байланыш агенттигине каттоо мөөнөтүн дагы узартуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0