Жарандык авиация эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилет

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Аба кодексине жана "КР Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жарандык авиация тармагын жөнгө салуучу ченем-укуктук актылар Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына жана тажрыйбасына шайкештелет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Аба кодексине жана "КРдин Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Жаңы Аба кодексинин максаты – Кыргызстандын жарандык авиация тармагын жөнгө салуучу ченем-укуктук актыларды Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына жана тажрыйбасына шайкеш келтирүү үчүн жакшыртуу.

Аба кодекси расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0