Сариев: 12-августтан тарта кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлү алынат

Жазылуу
Кыргызстан 12-августтан тарта Евразия экономикалык биримдигинин толук мүчөсү болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. 12-августта Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстанды ЕАЭБдин толук мүчөсү катары каттап, бул күндөн тарта кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алына турганын премьер-министр Темир Сариев билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады.

Чек араны ачуу аземине Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Алмазбек Атамбаев жана Нурсултан Назарбаев күбө болот.

Премьер-министр Темир Сариев бул окуяны 2011-жылдан бери жүрүп келген интеграциялык жараяндын маанилүү жыйынтыгы экенин белгилеп, анын өлкө экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына шарт түзөрүн билдирди.

"Бул күндөн тарта Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр менен "төрт эркиндик" деп саналган жумушчу күчү, капитал, товарлар жана кызмат көрсөтүүнүн эркин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк алат. Бул өз кезегинде жарандарыбыз, ишкерлерибиз жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө эмгектенип келген мигранттар үчүн бир катар жеңилдиктерди камсыз кылат", — дейт ал.

Бул жараянды ишке ашырууда Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар бардык аракеттерди көргөнүн Сариев кошумчалады.

Буга чейин премьердин тапшырмасы менен тиешелүү мамлекеттик органдар чек араларды ачууга даярдык көрүү жана алар ачылган соң жарандарга жеңилдиктер түзүлөрү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0