Курал кармаганга дини жол бербегендер акча берип кутулат

© Sputnik / Табылды КадырбековАскерлер кызмат өтүү учурунда. Архив
Аскерлер кызмат өтүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дини курал кармаганга тыюу салгандарды аскердик милдетин өтөөдөн акча төлөө аркылуу куткаруу маселеси коомчулукта көп талкууну жараткан.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдет, аскердик жана альтернативалык кызмат боюнча мыйзамга кол койду.

Акча жана бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент кылмыш жолу менен алынган кирешени адалдоого каршы мыйзамга кол койду
Мыйзам диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдардын мүчөсү болгон жарандарды аскерге чакырылган жердеги аскер комиссариаттары аркылуу, өкмөт аныктаган, социалдык маанидеги маселелерди алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине акчалай төгүмдөрдү төлөөгө милдеттендирет.

Документ толугу менен "КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативалык кызматтар жөнүндө" мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамы деп аталат.

Аталган документте көрсөтүлгөн диний ишенимине байланыштуу курал кармай албагандарды аскердик милдетин өтөөдөн акча төлөө аркылуу куткаруу маселеси коомчулукта көп талкууну жараткан.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0