Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкерлери иттер менен.

Кыргызстандын чек арачы иттери Алматыдан байге менен кайтышты

143
(жаңыланган 11:31 13.08.2015)
Каскад баңгизаттарын издөө боюнча абдан кыраакылыгын, ал эми Рода мыкты из кубар экендигин көрсөттү. Үчүнчү овчарка Троян жардыргыч заттарды ыкчам жана жазбай таба аларын далилдеди.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандын чек арачы-кинологдору менен үч овчарка ит Казакстан, Тажикстан, Армения жана Россия менен болгон чемпионатта байгелүү орунду ээлеп кайтышты. Бул туурасында Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш Алматы шаарында 3-8-август күндөрү өтүп, ага Кыргызстандан Каскад, Троян жана Рода аттуу чек арачы иттер катышты. Аларды "Түштүк" кинология борборунун жетекчиси Эрали Жаныбаев, улук лейтенант Марат Эргашев, прапорщик Даврон Якубов жана кичи сержант Марат Маматов алып барды. 

Мелдеш үч багытта өттү. Каскад баңгизаттарын издөө боюнча өтө кыраакылыгын көрсөтсө, Рода мыкты из кубар экендигин тастыктады. Ал эми Троян жардыргыч заттарды ыкчам жана жазбай таба аларын далилдеди. 

Мелдештин жыйынтыгында, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын командасы III орунду ээлеп, Кубок менен сыйланып кайтты.

143
Белгилер:
овчарка, кинолог, мелдеш, Мамлекеттик чек ара кызматы
Тема боюнча
Итти куткаруу үчүн муздуу сууда 200 метрдей аралыкка сүзүп барган офицер
Пикирлер