Кыргызстан ФАТФ – ЕККУ стандарттары менен баалануучу алгачкы өлкө болот

© пресс-служба ОБСЕЕККУнын Бишкектеги борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Джон МакГрегор. Архив
ЕККУнын Бишкектеги борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Джон МакГрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕККУнын колдоосу менен кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы Евразиялык топ жана кыргыз өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо кызматы баалоочу эксперттер менен аналитиктер үчүн беш күндүк семинар өткөрөт.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстан 2015-2016-жылдары терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен табылган акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү (ФАТФ) улуттук системасынын эл аралык жаңы стандартка шайкеш келүүсүн евразиялык топ баалай турган алгачкы өлкө болорун ЕККУнун маалымат кызматы билдирет. 

ЕККУнын Бишкектеги борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Джон МакГрегордун айтымында, кылмыш жолу менен табылган акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү өлкөдөгү экономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыздайт.

"Акчанын изин жашыруу менен күрөшүү терроризмге каршы күрөштүн маанилүү бөлүгү. Акчадан куру жалак калтыруу террористтердин жолун бууйт. Терроризмге каршы күрөшүү ЕККУга мүчө 57 мамлекеттин тең башкы максаттарынын бири", — деди МакГрегор.

Күзүндө боло турчу парламенттик шайлоого ЕККУ жардам берүүгө даяр
Мындан улам, ЕККУнын колдоосу менен кылмыштуу кирешени адалдоого каршы Евразиялык топ жана кыргыз өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо кызматы баалоочу эксперттер менен аналитиктер үчүн беш күндүк семинар өткөрөт.

Иш-чара Евразиялык топко кирген Кыргызстан, Белоруссия, Индия, Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттеринин жана Европа Кеңешинин эксперттерине арналат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0