Бишкекте дүйнөлүк стандартка жооп берген ири соода түйүнү курулат

© flickr.com / Jessica GardnerБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясынан келген инвестор инфраструктуралык долбоорлорго жумшала турган каражаттын көлөмү 200 миллион доллардан аша турганын билдирди.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бир да экономика инвестициясыз өнүкпөй турганын, Кыргызстан инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр экенин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Сарпашев Сауд Аравиясынан келген инвесторлорду кабыл алып, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Түрктөр Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына инвестиция салат
Чет элдик инвесторлор айыл чарба жана инфраструктураны өнүктүрүүгө каражат жумшоого кызыкдар экенин белгилешти. Биринчи вице-премьерге дүйнөлүк масштабдагы ири соода түйүнүн, кичирайон жана бизнес борборун куруу боюнча долбоор сунушталды.

Сауд Аравиясынан келген инвестор Штай Тамими Хайдер Мусблах Салман инфраструктуралык долбоорлорго жумшала турган каражаттын көлөмү 200 миллион доллардан аша турганын билдирди.

"Соода түйүнү Бишкектин түштүк аймагындагы 25 гектар жерге курула турган болду. Жүргүзүлгөн анализ Бишкекте дүйнөлүк стандартка жооп берген инфраструктуралык объекттин жок экенин көрсөттү. Аталган долбоордун ишке ашышы башкаларга үлгү болуп, Сауд Аравиясынан башка инвесторлорду да тартууга көмөктөшөт", — деди ал.

Сарпашев өз кезегинде Сауд Аравиялык инвесторлорго өкмөт бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даяр экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0