Аскер билеттери электрондук түргө алмаштырылышы мүмкүн

Жазылуу
Электрондук аскер билети ID-карта сыяктуу болот, дейт Коргоо министрлигинин Башкы башкармалыгынын жетекчиси Руслан Абдрахманов.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Аскердик милдетин өтөп келген кыргызстандыктарга электрондук аскер билети берилиши мүмкүн экенин Коргоо министрлиги билдирет.

Буга чейин аталган министрлик "КР жарандарынын жалпы аскердик милдети жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү даярдап жатканы маалымдалган. Ал өзгөртүүлөр аскер билеттерине да тиешелүү болот.

"Азыркы аскер билеттери кол менен толтурулат. Электрондук түрү ID-карта сыяктуу болот. Учурдагы билеттерден айырмаланып, пластик картасын жасалмалоо бир топ татаал келет", — дейт Абдрахманов.

Ал электрондук аскер билетинде тийиштүү маалыматты камтыган чип болорун кошумчалады.

Мындан тышкары, Абдрахмановдун билдирүүсү боюнча, мыйзамда аскер комиссариаттарынын электрондук жол менен өз ара маалымат алмашып туруусу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0