Фемиданын айкели. Архив

Кыргызстан Азия Конституциялык соттор ассоциациясынын мүчөсү болду

12
(жаңыланган 18:22 19.08.2015)
КРдин Конституциялык палатасынын төрагасы Мукамбет Касымалиев баштаган кыргыз делегациясы Индонезиянын Жакарта шаарында 15-17-август күндөрү өткөн конституциялык доо боюнча Эл аралык симпозиумга катышты.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстан Азия Конституциялык соттор ассоциациясынын мүчөсү болгонун КРдин Конституциялык палатасы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстан ассоциацияга мүчө болуу ниетин 2014-жылы билдирген.

КР Конституциялык палатасынын төрагасы Мукамбет Касымалиев баштаган кыргыз делегациясы Индонезиянын Жакарта шаарында 15-17-август күндөрү өткөн конституциялык доо боюнча Эл аралык симпозиумга катышты. 

Иш-чарага 17 мамлекеттин конституциялык сотторунун төрагалары жана судьялары катышты. Симпозиумга Касымалиев төрагалык кылып, Кыргызстандагы конституциялык доо арыздарга байланыштуу маселелер боюнча доклад окуду.

Иш-чаранын алкагында Азия Конституциялык соттор ассоциациясы кеңешинин жана Эквиваленттүү институттардын жыйыны өттү. Касымалиевдин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Кыргызстанды аталган ассоциацияга кабыл алуу сунушу бир добуштан колдоого алынды.

12
Белгилер:
ассоциация, Конституциялык палата, сот, Адылбек Касымалиев, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун жаңы шайланган судьялары ант беришти
Сот-медициналык экспертиза борборунун жетекчилигине каршы кылмыш иши козголду
Ырчы Анжелика Кайратова. Архив

Ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылып, кызы жаракат алды. Чоо-жайы

200
(жаңыланган 14:17 24.01.2021)
Жабыркаган кыз кечээ Түп райондук ооруканасында калтырылган. Ал эми бүгүн аны Бишкектеги ооруканага алып кетүү үчүн реанимобиль Көлгө келе жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ырчы Анжелика Кайратова кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Анын беш жаштагы кызы жабыркап, ооруканага түшкөнүн Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жибек Жайылмышева билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Кайратова Анжелика (@anjelika_kairatovna_official)

"Автоунаада беш киши болгон. Ырчынын беш жаштагы кызынын эки бутунун тең сан сөөктөрү сынып кеткен. Башкаларына медициналык жардам зарыл болгон жок", — деди директор.

Маалыматка караганда, алар Бишкекке жөнөтүлгөн. Ал эми жабыркаган кыз кечээ Түп райондук ооруканасында калтырылган. Бүгүн аны Бишкектеги ооруканага алып кетүү үчүн реанимобиль Көлгө келе жаткандыгын айтышты.

Кырсык 23-январда таңкы саат алтыларда Балбай айылынын жанынан болгондугу маалымдалды. 

Кийин ырчы өзүнүн Instagram баракчасына колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип пост жазды.

"Аллахка чексиз мактоолор. Доктурларга таазим. Баары шүгүр. Чын жүрөктөн төртөөбүзгө берип жаткан дуаларыңыздар кабыл болсун. Аманбыз", — деди Кайратова.

Маалыматка караганда, автоунаанын ичиндеги калган жүргүнчүлөр катуу жаракат алган эмес. 

 

200
Белгилер:
автоунаа, кыз, жол кырсык, Анжелика Бекболиева
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ырчы Юлия Руцкаянын апасын милициянын унаасы сүзүп кетти. Окуянын чоо-жайы
Автоунаа мүрзөнү тоскон дубалды сүзгөн. Сания Шакирова каза болгон кырсыктын чоо-жайы
Суу калдыктар. Архив

Дарыя суусуна алтын ылгоочу фабрикадан чыккан калдыктар кошулган. Чаткалдагы окуя

72
(жаңыланган 13:04 24.01.2021)
Буга чейин жергиликтүү жашоочулар бири-бирин дарыядагы сууну ичпей турууга чакырып, сууга цианид кошулуп кетти деген маалыматтарды таратышкан.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы алтын ылгоочу фабрикада атайын курулган жай жырылып кетип, иштетилген калдыктар дарыя суусуна агып түшкөн. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Болот Ашырбаев билдирди.

Буга чейин айыл эли бири-бирин дарыядагы сууну ичпей турууга чакырып, сууга цианид кошулуп кетти деген маалыматтарды таратышкан.

Ашырбаевдин айтымында, "Эти Бакыр Терек-Сай" алтын ылгоочу фабрикасында булганыч суюктуктарды топтогон контейнер жарылып кетип, анын суусу тосмону жарып, Терек-Сай суусуна агып түшкөн. Дарыяга түшкөн булганыч суулардын көлөмү болжол менен 30 кубометрге жетет.

Айыл өкмөт башчысы жергиликтүү бийлик Терек-Сай жана Ынтымак айылынын жашоочуларына дарыядагы сууну ичпей туруу эскертилгенин белгиледи.

"Терек-Сайдагы кен казган "Эти Бакыр Терек-Сай" фабрикасы жергиликтүү жашоочуларга таза суу жеткирүүдө", — деди Ашырбаев.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Исаев белгилегендей, фабрикадагы атайын жай кечээ, 23-январда, саат 15:30дарда жырылган.

"Фабрикадагы иштетилген калдыктар дарыя суусуна бир аз эле агып, кошулган. Ал убагында токтотулду. Дагы кошумча маалымат берилет", — деди Исаев.

Ал эми өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов аталган окуя боюнча лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

"Кыргыз алтын" жана Түркиянын "Эти Бакыр" компанияларынын биргелешкен "Эти Бакыр Терек-Сай" ЖЧКсы бул аймакта 2016-жылдан бери иштеп келет.

Терек-Сай айыл аймагында Терек-Сай жана Кызыл-Токой аттуу калк жашаган эки айыл бар. Мында жалпы 5 500 киши жашаары айтылып, эки айылдын эли тең аталган суудан пайдаланышары маалым болду.

72
Белгилер:
Суу, калдык, фабрика, алтын, Чаткал, Жалал-Абад
Тема боюнча
Бизди чыккынчы дебегиле! Өкмөт Жетим-Тоо кени сатылбай турганын билдирди
Өкмөт Жер-Үй кени жакын арада ишке кирерин маалымдады
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Нурмагомедов Макгрегор Порьеден жеңилгенден кийин үн катты

0
(жаңыланган 14:21 24.01.2021)
Спортчулар UFC 257 мелдешинин башкы беттешинде кезиккен. Америкалык мушкер кармаштын экинчи раундунда бир катар соккулары менен таамай тийип, атаандашын техникалык нокаутка түшүрдү.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегордун америкалык Дастин Порьеден жеңилгени боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Эки мушкер бүгүн, 24-январда, UFC 257 мелдешинин башкы беттешинде кезиккен. Америкалык спортчу кармаштын экинчи раундунда нокаут менен утту.

"Сени чемпион кылган команданы алмаштырып, спарринг-өнөктөштөрдү чанып, чындыктан алыстап, жаш балдар менен машыгып жүргөндүн кесепети ушундай болот турбайбы...", — деп Нурмагомедов Twitter баракчасына билдирүү калтырган.

Буга чейин спорттук карьерасын жыйынтыктаган Хабиб Нурмагомедов Макгрегор — Порье, Чендлер — Хукер беттешине байкоо саларын айткан. Эгер алар чемпиондук наам үчүн кармашка татыктуулугун көрсөтсө, анда октагонго келери мүмкүн экенин билдирген. Мындан улам UFC 257 мелдешинин башкы беттештеринин мааниси арткан.

АКШлык Порье менен ирландиялык Макгрегор бүгүн, 24-январда, Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өткөн мелдеште кармашып, Порье атаандашын нокаутка түшүрүп утту.

Россиялык мушкер буга чейин Макгрегорду да, Порьени да титулдук беттеште мөөнөтүнөн мурда утуп, чемпиондук наамын коргогон.

0
Белгилер:
Хабиб Нурмагомедов, Конор Макгрегор, Дастин Порье, UFC
Тема боюнча
UFC уюмунда өзбекстандык мушкер кубаттуу муштуму менен атаандашын "бийлетти". Видео
Апамды таарынтып албайын. Хабиб карьерасын улантууга үндөгөндөргө жооп берди