Кыргызстанда жети айда салык чогултуу патенттик төлөмдөрдүн эсебинен өскөн

Жазылуу
Мында пайыз салыгы, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, кыймылсыз мүлк салыгы, жер салыгы сыяктуу төлөмдөрдүн келип түшүүсү тездеген.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы  январь-июль айларында 26 миллиард сомдон ашуун салык чогултулканын аталган мекеме билдирет.

Маалыматка ылайык, бул болжолдонгон суммадан 590 миң сомго көп болуп, план 102 пайызга аткарылган. 

"Өткөн жылдын жети айына салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү төрт миллиард сомго же 16,8 пайызга жогорулап, салыктардын негизги түрлөрү боюнча келип түшүү темпи өскөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Мында пайыз салыгы, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, кыймылсыз мүлк салыгы, жер салыгы сыяктуу төлөмдөрдүн келип түшүүсү тездеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0