Чычкандагы өрт өчүрүлө баштады

© пресс-служба МЧС КРЧычкандагы өрт өчүрүлө баштады
Чычкандагы өрт өчүрүлө баштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ Боронов капчыгайдагы өрт кырсыгына адамдык фактор себепчи болгонун белгилейт.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Чычкан капчыгайындагы Өрүктү жана Арым участкаларында өрт өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирет.

Аким: Чычкан капчыгайы кууш болгондуктан, тик учактар өрткө жакындай албай жатат
Маалыматка ылайык, учурда капчыгайдын жетүүгө кыйын болгон Канышай аймагында Казакстандын тик учагы өрт өчүрүү иштерин улантып жатат. Ушу тапта жети рейс жасалып, 60 тоннага чукул суу чачылды. Жалпы жонунан кечээтен бери 11 рейс менен 84 тонна суу пайдаланылган.

ӨКМ Кубатбек Боронов жеке көзөмөл кылуу үчүн кырсык болгон жерге экинчи ирет учуп кетти.

"Алдын ала божомолдоолор боюнча капчыгайдагы өрткө адам фактору себепчи болгон. Бирөөлөрдүн өрт коопсуздугунун жөнөкөй эрежелерин сактабаган кайдыгерлигинин кесепетинен мамлекет ири материалдык зыян тартып жатат", — деди министр.

Учурда 13-август күнү башталган өрттү өчүрүү үчүн эки көчмө штаб уюштурулуп, 800дөн ашуун адам жана Казакстандан бир тик учак тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0