Аскерге милдеттүү жарандар маалыматы электрондук базага киргизилет

© Sputnik / Сергей Ермохин / Медиабанкка өтүүАскер эс алуу кези. Архив
Аскер эс алуу кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо министрлиги жасалма документтердин берилишине бөгөт коюу үчүн аскерге милдеттүү жана чакырылган адамдардын электрондук эсебин алууну пландаштырууда.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо министрлиги аскерге милдеттүү жана ага чакырлуучу жарандардын электрондук эсебин алууну демилгелеп жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Балдарды бала бакчага электрондук түрдө кабыл алуу киргизилди
Электрондук эсеп жарандар менен иштөөнү жакшыртуу (аскердик документтерди кароонун жана берүүнүн мөөнөтүн кыскартуу), жеке маалыматтарды сактоо, комиссариаттар аралык маалымат алмашууну камсыздоо, жарандардын жеке маалыматын фальсификациялоого жол бербөө жана жасалма документтердин берилишине бөгөт коюу үчүн жасалат. 

Коргоо министрлиги билдиргендей, мындай аракет ИИМ, УКМК, Чек ара кызматы, Бажы жана Каттоо кызматтарынын ортосунда аскердик эсепке туруудан жана аскердик милдетти өтөөдөн баш тарткан жарандар менен иштешүүнү жаңы деңгээлге чыгарат.

Муну менен бирге электрондук эсеп системасын ишке киргизүү менен адамдын аты-жөнүн тастыктаган аскердик документтерди улам бир баскыч менен электрондук тастыктамага өткөрүүгө шарт түзүлөт. 

Бүгүнкү күндө аскер адамдары, аскерге милдеттүү жана ага чакырылуучу жарандар үч документ — аскердик эсепке алынганы тууралуу, альтернативалык кызмат өтөө боюнча тастыктама жана аскердик билет алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0