БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкекте акушерлер жана медициналык колледждердин окутуучулары жаңы төрөлгөн ымыркайларды баштапкы реанимациялоо техникасын жана төрөттөн кийинки кан кетүүнү жөнгө салуу боюнча окутула турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 25-28-август күндөрү боло турган окутуу кош бойлууларга, жаңы төрөгөндөргө жана ымыркайларга жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле төрөт үйлөрүндөгү адистердин тажрыйбасын арттыруу максатында жүргүзүлөт."Кыргыз акушерлеринин альянсы" уюмунун президенти Чынара Казакбаеванын айтымында, мындай тренингдер жыл сайын өткөрүлүп келет. Мындан улам, республикада ымыркайдын периноталдык жана неонаталдык өлүмүн кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
"Тренингдин алгачкы эки күнү ымыркайларга арналса, калган күндөрү аялдардын төрөттөн кийинки кан кеткен учурларынын алдын алуу тууралуу окутулат", — Казакбаева.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында энелер көбүнесе төрөттөн кийинки кан кетүүдөн (38,7 пайыз) каза болушат. Андан кийин энелердин экстрагениталдык оорулардан (22,6 пайыз) жана сепсистен (16,1 пайыз) каза болгон учурлары көп кездешет.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +8…+13, Таласта +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14, Ысык-Көл жергесинде +2…+7, Нарын өрөөнүндө -1…-6 градус болору кабарланды.
Күндүн табы Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +10…+12 градус болот.