Москва шаарындагы Домодедово аэропорту. Архив

Москвага авиабилеттер сентябрдын ортосунан тарта арзандайт

293
(жаңыланган 16:09 25.08.2015)
Кыргызстандан Москва шаарына 38 каттам бар экендигине карабай, билеттердин наркы 19,2 миң сомдон 25 миң сомго чейин чыкты.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандан Россияга, анын ичинен Москва шаарына болгон авиакаттамдардын билеттери сентябрдын ортосунан тарта арзандап баштайт. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине Бишкектеги "Эйр Кыргызстан" мамлекеттик авиакомпаниясынын коммерциялык директору Арсен Табылдиев билдирди.

Учурда Ош жана Бишкектен Россиянын шаарларына, анын ичинен Москвага авиабилеттер кымбаттап кетиши аталган багытка учкандардын, өзгөчө эмгек мигранттарынын түйшөлүүсүн жаратууда.

Учурда Кыргызстандан Москва шаарына 38 каттам бар экендигине карабай, билеттердин наркы 19,2 миң сомдон 25 миң сомго чейин чыкты. 

Табылдиев бул жыл сайын боло турган көрүнүш экендигин, баалар келерки айдын ортосунан тарта арзандай тургандыгын билдирди. 

"Бул сезонго жараша болуучу көрүнүш. Авиакомпаниялар жылына болгону үч айда гана иштеп акча табабыз. Июль, август жана сентябрь айынын ортосуна чейин жыл сайын билет баалары жогорулайт. Себеби, Россияга иштегенге адамдар кетип, андан сырткары студенттер окууга кайтат. Билет баалары сентябрь айынын ортосунан тарта түшө баштайт", — деди Табылдиев.

Августтун башында Москва — Бишкек аба каттамы боюнча учак билеттери төрт миң сомго кымбаттап, 15 миң сомго чыккан.

293
Белгилер:
кымбаттоо, авиабилет, Эйр Кыргызстан авиакомпаниясы, Арсен Табылдиев, Москва, Россия
Тема боюнча
Жарандык авиация эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилет