Билим берүү кызматкерлеринин ӀӀӀ съезди башталды

© МОиН КрБишкектеги билим берүү кызматкерлеринин ӀӀӀ съезди. Архив
Бишкектеги билим берүү кызматкерлеринин ӀӀӀ съезди. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү системасын каржылоодогу жаңычылдыктар жана башкаруу, өлкөдөгү билим берүүнүн атаандаштыкка туруктуулугу, билим берүүдөгү өнөктөштүк, жана анын мазмунун жаңыртуу бөлүмдөрү боюнча талкуу болот.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкекте 26-авгутта билим берүү кызматкерлеринин ӀӀӀ съезди башталганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Буга чейин билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана окутуучулары үчүн август жыйыны болуп, анын алкагында республиканын бардык облустарынын 20 миң мугалими окутуунун негизги маселелери, тарбиялык иштерди жүргүзүү жана башка орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашкан.

Сариева: жаңы жылдан тарта мугалимдердин категориясы кайтарылат
Маалыматка ылайык, иш-чара билим берүү системасында жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгын чыгаруу жана 2015-2016-жылдарга карата өнүгүү багытын аныктоо максатын көздөйт. 

Съездде беш блокко бириикен 11 секция иш алып барат.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү системасын каржылоодогу жаңычылдыктар жана башкаруу, өлкөдөгү билим берүүнүн атаандаштыкка туруктуулугу, билим берүүдөгү өнөктөштүк, жана анын мазмунун жаңыртуу бөлүмдөрү боюнча талкуу болот.

Билим берүү кызматкерлеринин ӀӀӀ съезди эки күнгө созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0