Өлкөдөгү мектеп окуучуларынан үчтөн бирине ысык тамак берилүүдө

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүМектеп ашканасы. Архив
Мектеп ашканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү тармагынын кыматкерлери мугалимдердин съездинде окуучуларга тамак берүүнү жакшыртууну жана ашпозчуларды алуу меселелерин талкуулашты.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Өлкө аймагындагы 788 мектептеги башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак бериле турганын Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

10-12 жылда мектептерде эки жолу тамактандыруу системасын киргизүү пландалып жатат
Бишкекте билим берүү кызматкерлеринин съезди өтүп, мугалимдер окуучуларга тамак берүүнү жакшыртууну жана кесипкөй ашпозчуларды алуу меселелерин талкуулашты.

Аймактардан келген мектеп директорлору окуу жайдын аймагындагы парктарда биология, жаратылыш таануу сабактары практикалык түрдө өтө турганын айтып берди.

Айылдык мектептердин өкүлдөрү окуучуларга берилген тамактардын ар түрдүүлүгү алардын ден соолугунун чың болушуна жана өсүшүнө өбөлгө болорун баса белгилешти.

Министрликтен билдиргендей, учурда өлкө боюнча 2207 мектеп бар. Алардын 788синде башталгыч класстын окуучуларына чай менен булочканын ордуна ысык тамак – шорпо, салаттар берилүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0