Темир Сариев Араванда ачык сабак өткөрөт

Жазылуу
Биринчи сентябрда республика боюнча 29 жаңы мектеп ачылып, миңдеген окуучуларды кабыл алат.

БИШКЕК, 31-авг — Sputnik. Өкмөт башчысы Темир Сариев 1-сентябрь Билим күнүндө Арвандын Найман айылына караштуу Ленин атындагы орто мектепте Мамлекеттүүлүк сабагын өткөрөт. Бул туурасында өкмөт башчысынын маалымат катчысы Бакыт Асанов Sputnik маалымат агенттигине билдирди. 

Сариев Ош облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Эгемендүүлүк майрамына карата Ош шаарында облустун элин куттуктады.

Премьер Сариев эртең, 1-сентябрда Ош облусунун Арван районундагы Төө-Моюн айылына караштуу Найман айылынын Ленин атындагы орто мектепинде Кыргыз мамлекеттүүлүгү боюнча ачык сабак өткөрөт. 

"Өкмөт башчысы Сариев ачык сабак өткөндөн кийин, Ноокат шаарында ички автожолдордун жүрүп жаткан курулушун көрөт. Андан соң, Айбек айылындагы 320 орундуу спорт залынын курулушу менен таанышат. Ош шаарындагы Амир Тимур аймагындагы 95 орундуу бала бакчанын ачылышына катышып, Нарман жана бир нече мектептин курулушун көрөт", — деди Бакыт Асанов. 

Асанов быйылкыга пландалган 68 мектептин 29у 1-сентбярда, ал эми 1-октярбда дагы 26 мектеп пайдаланууга берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0