Кыргызстандагы энелердин абалы ортодон төмөн деп бааланды

Жазылуу
Изилдөө дүйнөдө күн сайын беш жашка чейинки 17 миң бала чарчай турганын, алар шаардын асман тиреген имараттары менен ири соода түйүндөрүнүн катарында жайгашкан эч кандай санитардык шарты жок жайларда жашагандыгын көрсөттү.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстан "Дүйнөдөгү энелердин абалы" рейтингинде 179 өлкөнүн ичинен 107-орунга ээ болгонун Улуттук стратегиялык изилдөө институту билдирет.

Маалыматка ылайык, рейтинг "Балдарды сактайбыз" эл аралык уюму тарабынан жыл сайын жүргүзүлүп келет. Анда энелердин жана балдардын ден соолугу, билим деңгээли, экономикалык абалы жана аялдардын саясий жашоого катышуусу эске алынат. 

Селфи кылып аткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан адам капиталы боюнча дүйнөдө 44-орунда турат
Изилдөө дүйнөдө күн сайын беш жашка чейинки 17 миң бала чарчай турганын, алар шаардын асман тиреген имараттары менен ири соода түйүндөрүнүн катарында жайгашкан эч кандай санитардык шарты жок жайларда жашагандыгын көрсөттү. 

Энелердин абалы мыкты деген алдыңкы үч мамлекетке Норвегия, Финляндия жана Исландия кирет. КМШ мамлекеттеринин ичинен энелер Белоруссияда (25-орун), Россияда (56), Казакстанда (58), Украинада (69), Грузияда (86) Азербайжанда (90) жакшы жашашат. 

Ал эми төмөнкү көрсөткүчкө Сомали, Конго демократиялык республикасы жана Борбордук Африка республикасы ээ болгон.

Кыргызстан 2014-жылы аталган рейтингде 178 өлкөнүн ичинен 108-орунга татыган. Быйыл бир орунга жогорулап, энелердин абалы жакшырып келе жатканы анык болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0