Базар-Коргондо жаңы мектеп ачылды

© пресс-служба МОиН КРЖалал-Абаддын Базар-Коргон районунда ачылган жаңы мектеп.
Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда ачылган жаңы мектеп. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Базар-Коргондогу жаңы мектептин курулушу мындан жети жыл мурда башталып, республикалык бюджеттен 30 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда жаңы мектеп ачылды деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы. 

Каба айылында курулган 422 орундуу Турусбеков атындагы №33 мектеп райондук борбордон 32 чакырым алыстыкта жайгашкан. 

Мектеп билим күнү ачылып, учурда андан 265 адам билим алып жатат. 

"Сабактар башталды. Мектеп администрациясы окуучулар кие турган мектеп формасын тандады. Көбү классикалык үстү ак, алды кара түрдү тандады ", — деп билдирди райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Тынычбек Үсөнов.

Ал Базар-Коргон районундагы 65 мектепте 29 миң бала билим алып жатат. 

Базар-Коргондогу жаңы мектептин курулушу мындан жети жыл мурда башталып, республикалык бюджеттен 30 миллион сом бөлүнгөн. Мындан сырткары 1, 9 миллион сомго зарыл болгон буюм-тайымдар сатылып келди. Эми кезектеги курулуш мектептин спортзалы болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0