Курман айт Кыргызстанда 23-сентябрга белгиленди

Жазылуу
Муфтияттан айт күнүн 20-сентябрдан кийин, айдын чыгышына карап так айтышарын билдиришти.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Курман айт Кыргызстанда 23-сентябрда белгилене тургандыгын өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынан Sputnik агенттигине билдиришти.

"Курман айтты белгилөө күнүн 23-сентябрь деп турабыз. Балким, айдын жаңырышына карата бир күнгө ары-бери жылышы мүмкүн. Аны 20-сентябрдан кийин кошумча маалымдайбыз", — деп билдирди муфтияттын маалымат кызматынын жетекчиси Максат Атабаев.

Курман айт ажылык сапардын соңунда белгиленет. Бул күнү колунда барлар курмандык чалып, көзү өтүп кеткендерди эскерип, курмандыкка сойгон малдын этин муктаж болгондорго таратып берет.

Учурда Кыргызстандыктар Мекке шаарына ажылык сапарга жөнөп жатышат. Алардын акыркы тобу зыяраттан 15-октябрга чейин кайтып келмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0