Унааны камактан чыгаруу үчүн пара алып жаткан сот аткаруучу кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы менен акча жана кол кишен. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы менен акча жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ кабарлагандай, сот аткаруучу унааны камактан чыгаруу үчүн 8 миң сом пара талап кылган.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Пара талап кылууга шектелип Ленин райондук сотунун сот аткаруучусу кармалганын ИИМ билдирди.

Аталган министрликтин бешинчи башкармалыгына борбор калаанын тургуну коррупция фактысы боюнча чара көрүү арызы менен кайрылган.

ИИМ кабарлагандай, сот аткаруучу унааны камактан чыгаруу үчүн сегиз миң сом пара талап кылган.

"Кийинчерээк паранын суммасын төрт миң сомго чейин төмөндөткөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт боюнча кКылмыш жаза кодексинин 313-беренесинин (Пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында аталган сот аткаруучу иш кабинетинен төрт миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0