Улукбек Кармышаков каржы министринин орун басары болуп дайындалды

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПортфель на кресле. Архивное фото
Портфель на кресле. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы дайындалган орун басарды эмгек жамаатына министр Адылбек Касымалиев тааныштырды.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Улукбек Кармышаков каржы министринин орун басары болуп дайындалганын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Тизилген тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмдиги жылы бюджет 27,3 млрд. сомго тартыш болот
Билдирүүгө ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгон.

Жаңы дайындалган орун басарды эмгек жамаатына министр Адылбек Касымалиев тааныштырды. 

Улукбек Кармышаков буга чейин аталган министрликте иштеп, андан кийин "РСК Банктын" ички аудит бөлүмүн жетектеп келген.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0