Сариева: Кыргызстанда илимди өнүктүрүү максатында илимпоздор кеңеши жана фонд түзүлөт

Жазылуу
Илим системасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу, мамлекеттин өнүгүшү үчүн талап кылынган ачылыштарды жасоо максатында өкмөт Кыргызстандагы илим системасын реформалоо боюнча негизги документти бекиткен.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргыз өкмөтүнүн алдында Илим жана инновациялар кеңеши жана Илим фонду түзүлө турганын билим берүү жана илим министри Элвира Сариева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, илим системасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу, мамлекеттин өнүгүшү үчүн талап кылынган ачылыштарды жасоо максатында өкмөт Кыргызстандагы илим системасын реформалоо боюнча негизги документти бекиткен. 

"Илим кеңешинин курамына бир катар тажрыйбалуу илимпоздор кирди. Ал эми фонд эки жыл аралыгында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү каржылоо жана колдоо максатында мамлекеттик каражатты аккумуляциялоо менен алек болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, документтин негизинде алты мамлекеттик жогорку окуу жайы Илимдер академиясынын 17 тармактык илим изилдөө институттары менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0